Эгер сизде кире турган онлайн тест/сынактын коду болсо, башкы беттеги "Катышуу" баскычын басып кодду киргизип кире аласыз. Коду жок болсо жана тест/сынак элге ачык болсо, издөө бөлүмүнөн таба аласыз. Тест/сынак чектелген болсо, аны түзгөн адам сизди чакырышы керек — андан кийин башкы беттеги "Чакырылган" бөлүмүнөн кире аласыз. Тест/сынак акылуу болсо, аны кайдан тапканыңызга (код, издөө же чакыруу) карабастан, киришиңизден мурун түзүүчү белгилеген акыны төлөшүңүз керек.