ЖРТ Негизги тест 1 - I БӨЛҮМ, Математика I БӨЛҮК
Убакыт - 30 мүнөт
Тапшырмалардын саны - 30
Бул тесттеги суролор экиден чондукту камтып, алардын ар бири тик бурчтуу рамкага алынган:
бири - А ТИЛКЕСИНДЕ, экинчиси - Б ТИЛКЕСИНДЕ. Сиз ошол эки чоңдукту салыштырып,
төмөнкү жооптордун бирин тандашыңыз керек болот:
(А), эгерде А ТИЛКЕСИНДЕГИ чоңдук чоңураак болсо;
(Б), эгерде Б ТИЛКЕСИНДЕГИ чоңдук чоңураак болсо;
(B), эгерде эки чоңдук тең болсо;
(Г), эгерде бар болгон маалыматтын негизинде чоңдуктардын кайсынысы чоңураак болгонун же алардын тең экенин аныктоо мүмкүн болбосо.
Кээбир суроолордо салыштырылып жаткан чоңдуктар жөнүнде кошумча маалымат берилет. Ал маалымат салыштырылуучу чоңдуктардын үстүндө жайгашып, рамкага АЛЫНГАН ЭМЕС. Тапшырманын эки тилкесинде тең бар болгон символ А ТИЛКЕСИНДЕГИ чоңдук үчүн да, Б ТИЛКЕСИНДЕГИ чоңдук үчүн да бирдей мааниге ээ.
Сандар
Тестте анык сандар гана колдонулат.
Фигуралар
Тапшырмалар менен кошо берилген фигуралар маселени чыгаруу үчүн пайдалуу маалыматты берет. Атайын алдын ала айтылган учурлардан БАШКА учурларда фигуралар масштабда жана тегиздикте тартылган.
Synak Pro