Loading...

Купуялык Келишими жана Колдонуу Шарттары

Сиз кирген веб-сайт же тиркеме «Synak Pro» тарабынан иштетилүүдө. Сиз бул веб-сайтка кирүү жана бул веб-сайт аркылуу биз көрсөткөн кызматтарды колдонуу учурунда сизге жана сиз суранган кызматтарга байланыштуу алынган маалыматтардын кантип колдонулары жана корголору ушул Купуялык келишими жана Веб-сайт колдонуу шарттарында көрсөтүлгөн эрежелерге байланыштуу. Бул веб-сайтты колдонуу жана веб-сайт аркылуу биз көрсөткөн кызматтардан пайдаланууну сурануу менен, сиз, ушул Купуялык Келишиминде жана Веб-сайтты колдонуу шарттарында жазылган шарттарды кабыл кылуудасыз. (Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 5-беренесинин биринчи бөлүгү)

«Synak Pro» колдонуучуларынын жеке купуялыгын коргоо милдетин өз жоопкерчилигине алат. (Мыйзамдын 17-беренесинин 2-пункту)

«Synak Pro» веб-сайтка кирүүчүлөр тарабынан берилген жеке маалыматтардын мыйзамсыз иштетилишин же жайылуусун алдын алуу үчүн тийиштүү деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылууга багытталган зарыл болгон бардык техникалык жана административдик чараларды көрөт. (Мыйзамдын 21-беренесинин 1-пункту)

«Synak Pro» тиркемеси жана веб-сайтын толук функциялары менен пайдалануу үчүн, түзүлгөн сынактар коопсуз жана катышуучуларга ыңгайлуу болуусу үчүн сиздерден төмөнкү маалыматтар суралат.  Бул маалыматтар, Аты-жөнү, Туулган күнү, Өлкө, Аймак, Электрондук почта, Телефон номери, Жынысы жана Колдонулган апарат ID.

Веб-сайт интернет чөйрөсү талап кылган шарттардын арасында көрсөтүлгөн эң жогорку сапаттагы купуялуулукту камсыздайт. Жеке маалыматтар «Synak Pro» нун ыйгарым укуктуу жумушчуларына же маалыматтарды купуя сактоого макулдугун берген өкүлдөрүбүзгө гана жеткиликтүү болот. (Мыйзамдын 5-беренесинин биринчи бөлүгү)

«Synak Pro» анонимдүү статистикалык маалыматтарды (жашы, жынысы, географиялык аймагы ж.б.) иш процессин жакшыртуу жана жакшы кызмат берүү максаттында колдоно алат. (Мыйзамдын 26-беренеси)

Бул веб-сайттын автордук укугу «Synak Pro» го таандык. Колдонуучу биздин веб-сайтка кирип, аны колдонуу менен «Synak Pro» нун интеллектуалдык менчик укуктарын бузбоону, веб-сайтта жайгашкан маңызын жана сүрөттөрүн, визуалдык жана аудио образдарын, маалымат базаларын, продуктусун, дизайнын, брендин, патентин, логотибин жана ушул сыяктуу ар түрдүү маалыматтарды, мазмунун, документтерин жана картиналарын көчүрбөөгө, көбөйтпөөгө, жарыялабоого, башка тилге которбоого, сактабоого же кандайдыр бир иштерге карата пайдаланбоого, иштеп чыкпоого, зыянга учуратпоого же кандайдыр бир жол менен колдонбоого, «Synak Pro» менен түз же кыйыр түрдө атаандашпоого макулдугун берген болот жана кабыл кылганын билдирип, ушул эрежелерге милдеттендирилет. (Кыргыз Республикасынын “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамынын 25-беренесинин 1-пункту) 

«Synak Pro» тиркемеси жана веб-сайты 18 жашка чейинки балдардын ден соолугуна, коопсуздугуна зыян алып келбейт. (Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин 5-беренеси)

Ата-энелер мыйзамдуу өкүл катары балдарынын тиркеме, веб-сайтты колдонуусунда алардын укуктарын, кызыкчылыктарын жана коопсуздугун коргоого катышат. (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 69-беренесинин 1-пункту)
 

Бул веб-сайт мазмуну «Synak Pro» тарабынан көзөмөлдөнбөгөн башка веб-сайттарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Шилтеме берилген бул веб-сайттар ушул колдонуу шарттарында көрсөтүлгөн купуялык жоболорунан айырмаланган шарттарды камтышы ыктымал. Ошол веб-сайттар өздөрү чогулткан маалыматтарды колдонуусуна же ачыкка чыгаруусуна «Synak Pro» жооптуу эмес. Ошол сыяктуу эле, башка сайттардан «Synak Pro» веб-сайтына шилтеме берилген кезде, ал жерде «Synak Pro» нун эч кандай жоопкерчилиги жок. 

Биздин веб-сайтка кирген жана/же тейлөө кызматын сурангандардын баары көрсөтүлгөн жоболорду окуп, мазмунун кабыл алган болуп эсептелет. «Synak Pro» жаңы сунушталган кызматтар үчүн зарыл болгон жагдайда купуялык келишимин өзгөртүү укугун дайыма өзүнө калтырат.